Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 2
“2023-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка Бакай-Ата айыл аймагындагы “В. И. Ленин”атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорун сунуштоо жөнүндө”
2023- жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка Бакай-Ата айыл аймагындагы “В. И. Ленин” атындагы жалпы билим берүү орто мектеби мекемесинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорун сунуштоо жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 13-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагындагы “ В. И. Ленин” атындагы жалпы билим берүү орто мектеби мекемесинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорду түрткү берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталсын.
2. “В. И. Ленин” атындагы жалпы билим берүү орто мектеби мекемесинин имаратынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорду даярдоо жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |