Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 4
“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган акча каражатын бөлүштүрүү жана чыгымдоо жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 13 кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган 1500.000( бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүчө бөлүштүрүлсүн.
- Бакай-Ата айылындагы Логопед борборуна электр энергиясын киргизүүгө 17.000( он жети миң) сом.
- №2 “Мээрим” балдар бакчасынын ашканасындагы тамак бышыруучу плитанын керектелүүчү жабдыктарын алмаштырууга 54.800( элүү төрт миң сегиз жүз) сом.
- Бакай-Ата айыл аймагындагы бала-бакчаларга жыгач отун сатып алууга 15.000( он беш миң) сом.
- Наматбек айылындагы таза суу скважинасына жаңы таза суу насосун сатып алууга 200.000( эки жүз миң) сом.
- Бакай-Ата айыл өкмөтүнө жаңы оргтехникаларды сатып алууга 100.000( жүз миң) сом.
- Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имаратындагы жыйындар залынын оңдоого жана чатырын жылуулоого 42.000(кырк эки миң)сом.
- Бакай-Ата айыл аймагын көрктөндүрүү максатында ийне жалбырактуу көчөттөрдү алууга 40.000(кырк мин) сом.
- Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн имаратын жылытуу үчүн көмүр алууга 45.000 (кырк беш миң) сом.
- Бакай-Ата айылындагы ФАПтын дубалына декор чачуу үчүн 25.000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Борбордук аянттагы эстеликтердин ремонтуна материалдык жардам 25.000(жыйырма беш миң) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |