Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 2
“Бакай-Ата айыл аймагында каттаган коомдук транспорттун жол кире акынын тарифин бекитүү жана 2023-жылга карата маршруттук каттамдын иштөөсүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”
Бакай-Ата айыл аймагында каттаган коомдук транспорттун жол кире акынын тарифин бекитүү жана 2023-жылга карата маршруттук каттамдын иштөөсүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14 - кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол кире акынын тартифи төмөндөгүчө бекитилсин.
- Бакай-Ата – Наматбек каттамы боюнча 20 сом ;
- Бакай-Ата айылы ичинде 10 сом ;
- Мектеп окуучуларына 10 сом ;
- Пенсионерлерге акысыз деп бекитилсин.
2. 2023-жылдын биринчи кварталына Бакай-Ата –Наматбек коомдук транспортунун иштешин камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 120.000 ( жүз жыйырма миң) сом бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |