Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 3
“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган акча каражатын бөлүштүрүү жана чыгымдоо жөнүндө маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Бакай-Ата айыл аймагынын генпланын жасатуу долбооруна каралган 1500.000( бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүчө бөлүштүрүлсүн.
- Бакай-Ата айылындагы борбордук көчөдөгү жарыктандыруу плафондорду оң тараптагы столбалрдан сол тараптагы бетон карагайларына которууга 197.110 (жүз токсон жети миң жүз он) сом;
- Арзымат көчөсүндөгү жайгашкан эски тегирменден Балбан Шаршен көчөсүндөгү “УОС”скважинага чейинки аралыкка таза суу траншеяларын казууга жана жаңы таза суу трубаларын сатып алууга 830.359 ( сегиз жүз отуз миң үч жүз элүү тогуз) сом;
- Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу турак-жай бөлүмүнө 30.000 ( отуз миң) сомго жана Бакай-Ата айыл өкмөтүнө аппаратына 30.000( отуз миң) сомго күйүүчү май сатып алууга;
- Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу ВАЗ 21-07 үлгүсүндөгү автоунаасын оңдоого керектелүүчү тетиктерди сатып алуу үчүн 18.500( он сегиз миң беш жүз) сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |