Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 7
“Бакай-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын Садырбеков Ниязбек Каныбековичке ыйгаруу жөнүндө”
Бакай-Ата районундагы “Манапбай Жунусов”атындагы ДЮСШ нын греко-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Садырбеков Ниязбек Каныбекович жаш өспүрүм балдарды спортко тарбиялоодо чоң салым кошкондугу жана тарбияланган окуучулары Азиянын чемпионатында байгелүү орундарга жетишкендиктери үчүн Ленинполь айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 14-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата районундагы “Манапбай Жунусов”атындагы ДЮСШ нын греко-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Садырбеков Ниязбек Каныбековичке Бакай-Ата айыл аймагынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Атантаев |