БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII– чакырылышынын кезексиз XVII – сессиясы
2023-жылдын 16-февралы № 10
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургуну А.Кыдыровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кочкор-Кыштак айылынын тургуну А.Кыдыровдун айыл өкмөтүнүн аймагына каржылоо булагын камсыз кылуу менен комплекстүү спорт зал салуу үчүн керектелген муниципалдык жер аянтын тактап, ажыратып берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кочкор-Кыштак айылынын тургуну А.Кыдыровдун комплекстүү спорт зал салуу үчүн керектелген муниципалдык жер аянтын тактап, ажыратып берүү жөнүндөгү жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. Аймагыбыздагы жаштарды дени сак жашоого үндөөгө, жаш муундарыбызга спорт жаатында шарт түзүүнү колдоого алуу максатында айыл активиси тарабынан каржылоо булагын камсыз кылуу көрсөтүлүп жаткандыгын, сессияда сунушталган сунуштарды эске алуу менен айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтынан жогоруда аталган спорт залды курууга жер тилкеси ажыратылып берилсин.
3. Сессияда көрсөтүлүп сунушталган жер тилкесин тактап, ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Оморбековго жүктөлсүн.
4.Жогоруда аталган комплекстүү спорт залды куруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын камсыздоону колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Кубатбеков |