Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябрындагы № 24/1
Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБОну талкуулап чыгып айылдык кеңештин отуруму токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО толуктоо , өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин (тиркеме тиркелет №1).
2. Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу Ленин айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий түрдө, Lenin.gos.kg сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |
|
| Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIVотурумунун 24/1 токтомуна №1 тиркеме) |
Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул, Жобо Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) -ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кенештин токтому менен бекитил- ген.Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы тарабынан 31 август Кыргыз Республикасынын Эгемендүү күнүнө карата ,жылдын жыйынтыгы менен же башка чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйга-рылат.
1.3“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн - өзү башкаруу органдары мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары, айыл башчылары ээ болот.
1.3 “Ленин айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Ленин айылдык кеңешинин чечими менен берилет. “Ленин айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилей алат.
1.4 “Ленин айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин, өзүнүн официалдуу сайтында же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынын биринде коомдук талкууга койот. Талкуунун жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди өзүнүн сунушу менен кеңешке жөнөтөт.
1.5 Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык кенештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп , жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.6 Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 2 адамга же өзгөчө учурда андан көп адамга гана ыйгарылат.
II.Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, шаардын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2Ленин айыл өкмөтүнүн өсүп өнүгүшү үчүн элдин жашоо шартын , өкмөтүнүн өсүп өнүгүшү үчүн жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;
-Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына; -Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандар- га;
-Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
-Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
-Инвестициялык долбоорлорду тартып, Ленин айыл өкмөтүнүн инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга ж.б берилет.
III. Айылдын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ленин айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу» деген Ардак Грамота, күбөлүк, лента жана төш белгиси ыйгарылат.
3.2 Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсеби -нен жүргүзүлөт.
3.3“Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Ленин айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
•Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүр мөсү;
•мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
• “Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарын көчүрмөлөрү;
• өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
IV. Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
4.1 Ленин айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат: - Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда; - Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда; - Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Ленин айылдык кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.