ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVотурумунун
2023-жылдын 18-декабрындагы № 25/1
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын бекитилген сметасынын IV квараталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө
Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп 18.12.2023-жылдагы №25 протоколунун негизинде айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз отуруму токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин“ 115-беренесине ылайык , Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө “Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык” беренеси боюнча 2023-жылдын бекитилген планынан ашыкча аткарылган акча каражатын IV кварталынын такталган планына отургузуп өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын:
Киреше бөлүгү: (мин сом)
катар № | Кирешенин аталышы | берене | баары | IV квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Салык агенти төлөнүүчү киреше салыгы | 11111100 | 110,0 | 110,0 |
|
2 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы | 14151200 | 60,0 | 60,0 |
|
3 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 11312200 | 172,0 | 172,0 |
|
| Жыйынтыгы: |
| 342,0 | 342,0 |
|
2. 2023-жылдын IV кварталына карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү төмөндөгү беренесинин планына өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын
Чыгаша бөлүгү (мин сом)
бөлүк | Кирешенин аталышы | берене | баары | IV квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
70111 | Офистик эмеректерди алуу | 31123220 | 110,0 | 110,0 |
|
70629 | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн ар түрдүү чыгымдар | 22154900 | 172,0 | 172,0 |
|
70862 | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн ар түрдүү чыгымдар | 22154900 | 50,0 | 50,0 |
|
71091 | Ар түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн ар түрдүү чыгымдар | 22154900 | 10,0 | 10,0 |
|
Жыйынтыгы: |
| 342,0 | 342,0 |
| |
3. 2023-жылдын бекитилген сметасынын атайын каражат бөлүгүнүн IV кварталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |