Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/1
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу, эл агартусунун мыктысы төш белгисинин ээси (маркум) Айылчиев Маматеминдин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин 23.04.2014-жыл № 8 / 2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылында жайгашкан Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамаатынын жыйынынын 18- июнь 2024-жыл № 5 “Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, райондун ардактуу атуулу, эл агартусунун мыктысы төш белгисинин ээси (маркум) М.Айылчиевдин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24- июль 2024-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек жамаатынын жыйынынын 18- июнь 2024-жыл № 5 “Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу, эл агартусунун мыктысы төш белгисинин ээси (маркум) Айылчиев Маматеминдин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу, эл агартусунун мыктысы төш белгисинин ээси (маркум) Айылчиев Маматеминдин ысмы ыйгарылсын.
3. Миң-Өрүк мектепке чейинки билим берүү уюмуна демөөрчүлүк көрсөтүү жагы уулдары У.Айылчиевге жана Т.Айылчиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |