Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/2
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдалдар министирлигинин 08.04.2011-жылдагы № 79 жана 04.04.2024-жылдагы № О -133 корутундуларынын негизинде 1-Май айылынын тургуну Касымов Таалайбекке коопсуз жерге жайгаштыруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүнү айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдалдар министирлигинин 08.04.2011-жылдагы № 79 жана 04.04.2024-жылдагы № О -133 корутундуларын жетекчиликке алып айыл өкмөтүнүн 18.07.2024-жылдагы № 19 / 646 сандуу сунушун жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24.07.2024-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калктуу конуштагы кооптуу жер көчкү коркунучундагы жер экендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдалдар министирлигинин 08.04.2011-жылдагы № 79 жана 04.04.2024-жылдагы № О -133 корутундуларынын негизинде, 1-Май айылынын тургуну Касымов Таалайбекке коопсуз жерге жайгаштыруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Калктуу конуштагы кооптуу жер аянттарынан көчүрүлгөн жер аянттар, муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
3.1-Май айылынын тургуну Касымов Таалайбекке коопсуз жерге жайгаштыруу үчүн жер аянтынын документтерин тариздөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |