Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/3
Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарга мамлекеттик АКТ алуу жана райондук суу чарба башкармачылыгына өткөрүп берүү жагын айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып айыл өкмөтүнүн 24.07.2024-жылдагы № 19/578 “Айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарды райондук суу чарба башкармачылыгына өткөрүп берүү жөнүндөгү” сунушун жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24-июль 2024-жыл №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарга мамлекеттик АКТ алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдарды, райондук суу чарба башкармачылыгына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Кара-Кулжа айыл аймагындагы ички чарбалык арык-каналдардын карта-схемаларын даярдоо, кабыл алуу жана өткөрүү АКТсын түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |