Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/4
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдө жана айыл аймагындагы жайыттарды бал аарычылык челектерди жайгаштыруу, эс алуу жана туристик кызмат көрсөтүү, мөмө-жемиш башка тамак-аш продуктуларын жыйноо жана пайдалануу үчүн жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 4 “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдө жана айыл аймагындагы жайыттарды бал аарычылык челектерди жайгаштыруу, эс алуу жана туристик кызмат көрсөтүү, мөмө-жемиш башка тамак-аш продуктуларын жыйноо жана пайдалануу үчүн жыйымдарынын өлчөмүнүн ижара акысы бекитүү жөнүндөгү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24-июль 2024-жыл №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдө жана айыл аймагындагы жайыттарды бал аарычылык челектерди жайгаштыруу, эс алуу жана туристик кызмат көрсөтүү, мөмө-жемиш башка тамак-аш продуктуларын жыйноо жана пайдалануу үчүн бир сотыхка 25 сом ижара өлчөмү бекитилсин.
2.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдө жана айыл аймагындагы жайыттарды бал аарычылык челектерди жайгаштыруу, эс алуу жана туристик кызмат көрсөтүү, мөмө-жемиш башка тамак-аш продуктуларын жыйноо жана пайдалануу үчүн ижара өлчөмүн өндүрүүдө ачыктык айкындуулук, маалыматка жеткиликтүүлүк принциптери сактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |