КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/5
Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги Шарип-Ата мечит-медресесин Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5 “Муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусунун 24-июнь 2024-жылдагы № 0003 сандуу өтүнүч катын жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15- август 2024-жылдагы № 19 / 732 “Кара-Кулжа айылындагы Ж.Калматаев атындагы көчөдө жайгашкан Шарип-Ата мечит-медресесин кеңейтүү, медресе курулуштарын кеңейтүү, мечиттин электр энергия, жылуулук менен камсыздоо жана медреседе, мечитте эмгектенгендердин эмгек акысын берүү маселелерди чечүү үчүн муниципалдык менчиктеги Шарип-Ата мечит-медресесин Сооронбай Жээнбековдун фондусуна өткөрүп берүү жөнүндөгү” сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусунун 24-июнь 2024-жылдагы № 0003 сандуу өтүнүч каты жана Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15-август 2024-жылдагы № 19 / 732 сандуу сунушу эске алынсын.
2.Кара-Кулжа айылында жайгашкан муниципалдык менчиктеги Шарип-Ата мечит-медресесин Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусуна өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Сооронбай Жээнбековдун коомдук фондусуна муниципалдык менчиктеги Шарип-Ата мечит-медресесин өткөрүп берүү боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |