Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/6
Кара–Кулжа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 30-июль 2003-жылдагы №158 “Аксакалдар соту жөнүндөгү” Мыйзамынын 8, 9, 10, 11, 12-статьяларын жетекчиликке алып жана Кара–Кулжа айыл аймагынын колктуу конуштарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдук чечимдерин, айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24-июль 2024-жыл №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө Самидинов Раимберди , Султанов Жунус, 1-Май айылы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө Султанов Нургалы, Биймырза айылы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө Насирдинов Кадырали жана Сары-Камыш айылы боюнча аксакалдар сотунун мүчөлүгүнө Машаев Орозмамат бекитилсин.
2.Кара–Кулжа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун курамынын биринчи уюштуруу жыйынын өткөрүү, Аксакалдар сотунун курамынын төрагасын шайлоо боюнча протоколдук чечимин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |