Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/7
Муниципалдык менчиктеги LED экранга жарыя жайгаштыруу үчүн ижара өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 4 “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйынынын 24-июль 2024-жыл №2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылындагы Ж.Калматаев атындагы көчөдө жайгашкан муниципалдык менчиктеги LED экранга жарыя жайгаштырууга бир айга жеке ишкерлерге 15.000 сом, мамлекеттик ишканаларга жарыя жайгаштырууга бир айга 5.000 сом, шайлоо убагында кызыктар тараптарга жарыя жайгаштырууга бир айга 50.000 сом, жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жарыя жайгаштырууга бир айга 4.000 сом жана башка тараптар үчүн бир жумага жарыя жайгаштырууга ижара берүүдө 4.000 сом өлчөмү бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн карамагындагы коомдук бирикмелер үчүн жарыя жайгаштырууга ижара белгиленбейт.
3.Муниципалдык менчиктеги LED экранга жарыя жайгаштыруу үчүн ижара өлчөмүн өндүрүнү камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңештин катчысы Д.Кадыровго тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |