Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/8
Кара-Кулжа райондук Азирети -Билал атындагы мечитинин жер аянтына кошулган 7 (жети) сотых жер аянты муниципалдык менчекке кабыл алууну айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин № 280 “Менчик ээсинин менчик укугу өз мүлкүн башка жакка ээликтен ажыратып бергенде, менчик укугунан менчик ээси баш тартканда менчик укугун токтотулушу жөнүндөгү” беренесин жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жыл №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренеси 5-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15-август 2024-жылдагы № 580 “Кара-Кулжа айылынын К.Аматов атындагы көчөсүнүн тургуну Ж.Көчкөнбаев жер аянтын кайтарымсыз Азирети Билал мечитине өз калоосу менен өткөрүп бергендиги жана райондук Азирети Билал мечитинин жер аянтына кошулган 7 (жети) сотых жер аянты муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча чечим чыгаруу жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылынын К.Аматов атындагы көчөсүнүн тургуну Көчкөнбаев Жанарбек менчигиндеги 7 (жети) сотых жер аянтынан баш тартып, кайтарымсыз Азирети Билал атындагы мечитине өз калоосу менен өткөрүп бергендиги эске алынсын.
2.Кара-Кулжа райондук Азирети Билал атындагы мечитинин жер аянтына кошулган 7 (жети) сотых жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3.Кошулган жер аянты райондук мечиттин керектөөсү үчүн пайдалансын.
4. Кара-Кулжа райондук Азирети Билал атындагы мечитинин жер аянтына кошулган 7 (жети) сотых жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |