Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/9
Кара-Кулжа айыл аймагында калктуу конуш жерлериндеги айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коефициентти (К3) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 4 “Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана женилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндөгү” бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын “Салык жөнүндөгү” кодексинин 404- беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 5.08. 2024-жылдагы №3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагында калктуу конуш жерлериндеги айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти (Кз) 1.4 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Зоналык коэффицент (Кз) 1.4 өлчөмү 2025-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |