Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/10
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 5 -август 2024-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 43.605.688 сомго жана чыгашасы 38.126.576 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |