Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/11
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджетин акча каражаттарын бир статьядан экинчи статьяга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 5.08.2024-жылдагы № 3 “Айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бир статьядан экинчи статьяга которууну карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн жашылдандырууга каралган 3113 статьясындагы акча каражат, борбордук аянтчага LED экран орнотууга 615.000 сом акча каражаты которулуп берилсин.
2.Э.Осмонов атындагы мектебинин айланасын тосууга каралган 3111 статьясындагы акча каражат, Э.Осмонов атындагы мектебинин чатырын жабууга 400.000 сом акча каражаты которулуп берилсин.
3.1-Май айылына 3.500.000 сом скважина курууга каралган 3111 статьясындагы акча каражаттан, муниципалдык эксковатор сатып алууга өздүк салымга 1.000.000 сом акча каражаты, атайын таштанды чыгаруучу автоунаа сатып алууга өздүк салымга 1.000.000 сом акча каражаты жана грейдер алууга кошумча документтерин даярдоого 500.100 сом акча каражаты, Т.Самидинова кочосундогу скважинага кошумча иштерин бутурууго 221.300 сом акча каражаты, жайыт жолдорун ондотууга 300.000 сом акча каражаты жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине 300.000 сом акча каражаты которулуп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |