Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/12
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кошумча түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 5 -август 2024-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бюджетинин 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн акча каражаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлсүн:
-Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусундагы 2824 статьясындагы акча каражаттан, Биймырза айылында курулуп жаткан спорт комплексине 800.000 сом жана бюджетке кошумча түшкөн кирешеден 1.200.000 сом жалпысынан 2.000.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Муниципалдык менчиктеги С.Кокоев балдар бакчасынын ашканасын бүтүрүүгө 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Муниципалдык менчиктеги А.Юсупов мектебинин ашканасын курууга ПСД даярдоого 300.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Муниципалдык менчиктеги Сейил балдар бакчасынын от казанын алмаштырууга 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Майрам күндөргө спорт иш чарасын өткөрүүгө кошумча 500.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-1-Май айылында долбоор менен жаңы курулуп жаткан ФАП тын эшик терезелерин жаңылоого өздүк салым катары 258.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Муниципалдык менчиктеги Мин-Өрүк балдар бакчасына кроват сатып алууга 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Муниципалдык менчиктеги Мээрим балдар бакчасына инвентарь сатып алууга жана ремонт иштерине 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-1-Май айылында жайгашкан Ат майданын пайдаланууга берүүгө 250.000 сом бөлүнүп берилсин;
-Муниципалдык менчиктеги Р.Абдыкадыров атындагы музыкалык мектебине даараткана курууга 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-А.Осмонов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөргө суюк калдыктарды топтоочу септик курууга 50.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Т.Самидинова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө 6 көздүү ажаткана курууга 450.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Борбордук көчөдө жайгашкан эстеликтерди жана панолорду ондотууга 58.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Таза суу муниципалдык ишканасына 2023-жылдын карызын толоп берүүгө 261.500 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-1-Май айылында жайгашкан Ж.Акматалиев атындагы көчөнү жана Кара-Кулжа айылында жайгашкан К.Аматов, С.Аталиев жана Ш.Кадыров көчөсүн асфальтоо үчүн ПСД жасатууга жалпысынан 600.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Э.Осмонов атындагы орто мектебинин алдында жаңыдан ачылган бала бакчага инвентар сатып алууга 200.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-Жаңыдан чакырылган VIII чакырылыштын депутаттарына концилярдык эмеректерди сатып алууга 40.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
-райондук Р.Абдыкадыров атындагы маданыят үйүнүн айланасын тосууга 700.000 сом бөлүнүп берилсин;
-1-Май айылындагы Ой алма участогуна мал камаган жердин айланасын тосууга 400.000 сом бөлүнүп берилсин;
- Беш-Жар участкасына латок орнотууга 200.000 сом бөлүнүп берилсин;
-1-Май айылында жайгашкан ички көчөлөргө шагыл төшөөгө 500.000 сом бөлүнүп берилсин;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |