Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/13
“Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы жана XCMGGR 1905T маркасындагы грейдер техникасынын ижара өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин №2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын 5-август 2024-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана “Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 13.08.2024-жылдагы № 46 “XCMGGR 1905 T маркасындагы грейдер техникасынын 1 (бир) саат иштеген акысы үчүн 5000 (беш) миң ижара өлчөмүн бекитип берүү жөнүндөгү” өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа Тазалык жана Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 8.355.007 сомго жана чыгашасы 6.936.509 сомго канаттандырарлык аткарылгадыгы белгиленсин.
2.Лизинг аркылуу сатылынып алынган XCMGGR 1905T маркасындагы грейдер техникасынын 1 (бир) саат иштеген акысы (мото час) үчүн 5000 (беш) миң ижара өлчөмү бекитилсин.
3. 1-Май айылында жайгашкан Көпүрөбашы, Жаргылчак учаскасынан калкты таза-суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого таза-суу темир труба сатып алууга 700.000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңештин катчысы Д.Кадыровго тапшырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |