Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-октябры № 656
Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кошуундарды жана куткаруучуларды аттестациялоодон өткөрүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 12-статьяларына, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-1-беренесинин 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
1) кыйроодон куткаруучу кызматтарды, кыйроодон куткаруучу кошуундарды жана куткаруучуларды аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссияларды белгиленген тартипте түзсүн;
2) зарыл болгон учурда жогоруда аталган комиссиялардын курамында аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынын өкүлдөрүн ишке тартсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын куткаруучулары жана ыктыярдуу куткаруучу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июнундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын сактоочулары жана ыктыярдуу сактоочу кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат деп аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |