Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылдын 20-августу №11
« Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы аткарыла турган долбоорлор үчүн өздүк салым ажыратуу жөнүндө ».
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-бренесине ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин айланысын тосуу, №11 “Ай-нуру” балдар бакчасына ашкана куруу, Ноокен-Сакалды” муниципалдык ишканасына Портер автоунаасын сатып алуу долбоорлору приоритеттүү деп табылсын
2.Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы аткарыла турган төмөндөгү долбоорлор үчүн өздүк салым ажыратылсын:
- №12 Ж.Султанов атындагы орто мектебинин айланысын тосуу долбоорунун жалпы сметалык баасы 2 296 915 сом, анын ичинен суралуучу сумма 2 042 000 сом, айыл өкмөттөн өздүк салымы 227 915 сом;
- №11 “Ай-нуру” балдар бакчасына ашкана куруу долбоорунун жалпы сметалык баасы 408 513 сом, анын ичинен суралуучу сумма 367 661 сом, айыл өкмөттөн өздүк салымы 40 852 сом;
“Ноокен-Сакалды” муниципалдык ишканасына Портер автоунаасын сатып алуу долбоорунун жалпы сметалык баасы 900 000 сом, анын ичинен суралуучу сумма 810 000 сом, айыл өкмөттөн өздүк салымы 90 000 сом;
3.Жогорудагы долбоорлорго өздүк салымды ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Нишанбаев |