Загрузка документа…
ЭРГЕШ АЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылдын 20-августу №12
« Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө ».
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-бренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 сандуу токтомуна ылайык Эргеш Алиев айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1.“Ноокен-К”, “Таймонку”, “Сакалды-Суу”, “Сүйүмбай-Суу”, “Чон-Багыш- Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун ирригациялык обьектилерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүңдө өтүнүчү канааттандырылсын.
2.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго:
-“Ноокен-К”, “Таймонку”, “Сакалды-Суу”, “Сүйүмбай-Суу”, “Чон-Багыш- Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте ирригациялык курулуштар түрүндөгү мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу актысын түзүү;
-Ноокен-К”, “Таймонку”, “Сакалды-Суу”, “Сүйүмбай-Суу”, “Чон-Багыш- Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы ирригациялык курулуштарды өткөрүү келишимин түзүү жана аны мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоо кызматынан каттоодон өткөрүүнү жүргүзүү;
-Ирригациялык курулуштарды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү милдеттендирилсин.
3.Эргеш Алиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөн суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын бирикмелеринин пайдалануусундагы, ошондой эле ээси жок ирригациялык системаларды райондук чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
4.Ушул токтом Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Нишанбаев |