Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 23-августу № 499-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Чет өлкөлөрдө соода компанияларын түзүү жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин жүз пайыз катышуусу, чет мамлекеттерде өзүнүн филиалдарын/өкүлчүлүктөрүн жана туунду коомдорун түзүү укугу менен "Кыргыз Республикасынын соода компаниясы" ачык акционердик коому (мындан ары - "Соода компаниясы" ААК) түзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү белгиленген тартипте "Соода компаниясы" ААКтын филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жана туунду коомдорунун документтерин коштоону жана ырастоону (авторизацияны) берүүнү камсыз кылсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. "Соода компаниясы" ААК, анын чет мамлекеттердеги филиалдары/өкүлчүлүктөрү жана туунду коомдору сатып алынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзүү жана бул агымды системалаштыруу максатында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына реалдуу акыркы жеткирүүсүз) предмети болгон контракттарды түзүүгө уруксат берилген ыйгарым укуктуу юридикалык жактар болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

31. "Соода компаниясы" ААК жана анын туунду коомдору өз максаттарына жетүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:

1) сатып алынуучу товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзүү жана бул агымды системалаштыруу максатында менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоо (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына реалдуу акыркы жеткирүүсүз) предмети болуп саналган контракттарды түзүүгө аккредитациялоого (уруксат берүүгө);

2) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү соодалоо (анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына реалдуу акыркы жеткирүүсүз) предмети болуп саналган контракттарды түзүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттерине карата эсептешүүлөр боюнча өзүнчө жоболорду белгилөөгө.

Аккредитациялоо жөнүндө жобо жана эсептешүүлөр тартиби "Соода компаниясы" ААК тарабынан белгиленет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

4. "Соода компаниясы" ААКка, анын чет мамлекеттердеги филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө жана туунду коомдоруна төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинин 49-пунктуна ылайык тышкы экономикалык операциялар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча уюштуруу иш-чараларын жүргүзсүн;

2) бул сатып алууда өтүнмө берүүчү тараптар төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш деп белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн формасы жана мазмуну боюнча алгылыктуу кепилдикти берүү менен үзгүлтүксүз операциялык иш жүргүзүү максатында алардын жүгүртүү капиталын түзүү үчүн "Соода компаниясы" ААКтын дарегине 400 миллиондон кем эмес АКШ долларын тартууну камсыз кылуу;

- исламдык каржылоо чөйрөсүндө тажрыйбанын же исламдык каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу;

- акча каражаттарын адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатында терең билимдердин болушу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 21-ноябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:

1) "Соода компаниясы" ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;

2) "Соода компаниясы" ААКтын уставын бекитсин;

3) "Соода компаниясы" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров