Редакцияот 13.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

2023-жылдын 13-октябрындагы № 44

 

Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05, 08.06.2023-жылдагы № 29, 17.07.2023-жылдагы № 35 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, жана Бюджеттик Кодексине ылайык, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешинин 13.02.2023-жылдагы № 05, 08.06.2023-жылдагы № 29, 17.07.2023-жылдагы №35 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучусу Т.Ш.Дарманованын 10.10.2023-жылдагы № 01-15-252 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралды.

Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, токтом кылат:

 

1. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдорго өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.

 

2. 2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен пландан ашык түшкөн, мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн, аткарылбай калган ишти кыскартуудан алынган каражаттардын жалпы суммасы 7128,7 миң сом өлчөмүндө тиркемедеги 1-таблицага, чыгымдоо багыттары 2-таблицага ылайык бекитилсин.

 

3. Коргол көчөсүндөгү 75 орундуу балдар бакчасынын курулушуна 2024-жылдын бюджетинин эсебинен 4 500,0 миң сом кошумча бөлүп берүүгө макулдук берилсин (Негиз: КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттигинин Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун директору Г.Асанованын 11.09.23-ж №АГ-93 каты, проект түзүү мекемесинин жетекчиси К.Жаратовдун сметалык эсептөөсү)

 

4. Планга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучусуна (Т.Ш.дарманова) жүктөлсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, А.Джаныбаева, Н.Оркулова) тапшырылсын.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

М.Т.Борбугулов

 

 

 

БЕКТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 13.10.2023-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №44 токтому

 

Тиркеме

 

2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен, пландан ашыкча түшкөн, мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн, айрым иштерди кыскартуудан алынган акча каржаттарынын ачыктамасы

1- Таблица

№

Мазмуну

Сумма (миң сом)

1

2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн каражаттар

2448,6

Мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча кражатттар-13.02.2023-жылдагы №05 токтомдун 5-тиркемесинен

1

“12-пунктунан” – Балдар бакчаларынын тамак-аш чыгымынан

326,0

2

“50 -пунктунан” -Хово техникасын каттоого алуудан

90,0

 

3

“70-пунктунан” – “Арча Бешик балдар бакчасына жабдууларды алуудан

18,0

4

“82 –пунктунан” – Кун-Нуру б/б эл плита сатып алуудан

16,5

08.06.2023-жылдагы № 29 токтомдун 2-пунктунан

5

“2-пунктунан” -Көчөлөргө шагыл төгүүдөн

6,6

17.07.2023-жылдагы №35 токтомдун 2-таблицасынан

6

“1-пунктунан” Достук б/бакчасынын терезелерин алмаштыруудан

161,5

7

“2 –пунктунан” ИИБ видео көзөмөл сатып алуудан

51,7

8

“10 –пунктунан” Арча-Бешик б/б септик куруудан

79,4

9

“17-пунктунан”- Токтогул мектебинин ажатканасынын кезектеги оңдоосунан

3,5

10

“24-пунктунан”- Таласбай кичи районуна балдар ойноочу аянтча куруудан

4,9

Кыскартуудан алынган каражат

11

“28-пунктунан”- Таласбай кичи районуна (Шамшыкал, Тынчтык, Камбар Ата, Кудаш уулу Кубаныч, А. Бердалиев (К.Мадьяров көчөсүнүн күн чыгыш тарабы)) суу чыгаруудан

3922,0

 

Бардыгы:

7128,7

 

2- Таблица

2023-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен 7128,7 миң сом акча каражатын чыгымдоо багыттары

№

Чыгымдоо багыттары

Статья

Бөлүнгөнү сом (миң)

1

“Достук” балдар бакчасынын терезелерин алмаштырууга

2221

1140,0

2

“Күн Нуру” балдар бакчасына-эшиктерин алмаштырууга

2221

108,0

3

“Байчечекей” балдар бакчасына жабдууларды алууга (музыкалык инструменттер, проектор, муздаткыч)

3112

181,8

№28 Т.Ормонбеков атындагы мектеп лицейине

4

Электр шаймандарын алмаштыруу, оңдоп-түзөөгө

2221

383,6

5

Терезелерди темир менен тосмолоого

2222

12,5

Бөкөнбаев атындагы орто мектебине

6

Музыка жана дене тарбия сабагына керектелүүчү аспаптарга

3112

83,0

7

Жасалма балаты сатып алууга

3112

45,0

8

Сырткы кемеге курууга

3111

657,1

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына

9

Муниципалдык тапшырыктарга

2215

1674,8

10

Жумушчулардын жуунуучу жайын бүтүрүүгө

3111

463,9

11

Кошумча аткарылган муниципалдык тапшырыктарга

2215

879,5

“Токтогул суу канал” муниципалдык ишканасына

12

Жумушчулардын жуунуучу жайын оңдоп түзөөгө

2221

438,5

Мэриянын сунушу, кайрылуулар боюнча

13

Эл счетчик АСКУЕ 1 даана

2222

20,0

14

Асфальт көчөлөрүн чуңкурларын жамоо үчүн асфальт, битум алууга (К.Мадьяров, Шарипов, Суеркулов, Токтогул)

2221

200,0

15

Шагыл болгон ички көчөлөрдү тегиздөө үчүн грейдерге (күйүүчү майга 41,0 миң сом -, грейдер тишине -30,0 миң сом )

2214

2222

41,0

30,0

16

Э.Именалиевдин айкелин жасатып, орнотууга

3112

400,0

17

Хово техникасын көз карандысыз экспертке баалатууга

2215

10,0

18

Социалдык обьекттерди, багар-көрөрү жок жарандарды сапаттуу көмүр менен камсыз кылууга

2721

200,0

19

Токтогул шаарынын тургуну М.Турдахуновага материалдык жардам (гемодиализ Бишкек, кайрылуунун негизинде)

2721

10,0

20

Эркин күрөш залына килем алууга (Б.Чынтемировдун кайрылуусунун негизинде)

3112

120,0

21

Азиздер жана дүлөйлөр коомуна (кайрылуунун негизинде)

2215

30,0

 

Баардыгы

 

7128,7

 

 

 

 

 

Төрага:

 

М.Т.Борбугулов