Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июлу № 28-2
Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги, бала бакчаларындагы куурап калган, имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган жана курулуш иштерине тоскоол жараткан бак дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги, бала бакчаларындагы куурап калган, имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган жана курулуш иштерине тоскоол жараткан бак дарактарды алып салууга макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн суранычын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы мектептердеги, бала бакчаларындагы куурап калган, имараттарга тийүүчү күн нурун тосуп калган жана курулуштарга тоскоол жараткан бак дарактарды тиешелүү органдардын уруксаты менен алып салууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамдын чегинде иш алып баруу жагы ар бир мекеменин жетекчилерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: |
О.С. Абдырахманов |