КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 31-мартындагы № 16/6
“Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы токтом кылат;
1. Керимкулов Улугбек Нурматбековичке, Наралиев Уланбек Тургуналиевичке жана Базаркулов Мырзагулдарга айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыгы эске алынып, “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Айыл аймагынын “ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, өзгөчө кырдаалдар, чек ара, аскерий жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Кулетов |