Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

 

2023-жылдын 31-мартындагы № 16/4

 

Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин 2022-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө отчету

Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы токтом кылат;

 

1. Кашка-Суу ЖПБсынын төрагасы А. Курбанбаевдин 2022-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Айылдык кеңешинин ушул токтому айыл өкмөтүнүн расмий “kashka-suu.jalal-abad.kq” сайтына жарыялансын.

3. Токтом расмий сайтына жарыялангандан баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо, мал чарбасы жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мамадалы уулуна жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

А. Кулетов