Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 25-июлу № 28-5
“Байыш нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө.
“Байыш нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу тууралуу ата-энелердин суроо-талаптарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Байыш нуру” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Керектүү иш-кагаздарын даярдап, билим берүү бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчасынын башчысы Маматова Кызайым Тургунбаевнага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: |
О.С. Абдырахманов |