Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-февралындагы № 21
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мал башына төлөнүүчү акынын баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн мал башына төлөнүүчү акыны 22-февраль жана 23-февраль 2023-жылы айыл өкмөт боюнча элдик жыйындын токтомун эске алып угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясы токтом кылат:
1. Кой-эчкиге ар бир башына бир айга 130 (бир жүз отуз) сомдон төлөнсүн.
2. Кара малдын ар бир башына бир айга 500 (беш жүз) сомдон, бир баш уйга торпогу менен 800(сегиз жүз) сомдон төлөнсүн.
3. Жылкыга (тай, кулун, ат) ар бир башына бир айга 800( сегиз жүз) сомдон төлөнсүн.
4. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы мал жандыктары 2023-жылдын 10-майынан калтырылбай бир саан уй, 5 койдон ашыгы алыскы жайытка жөнөтүлсүн.
5. Алыскы жайыттан кайтуу мөөнөтү 2023-жылдын 10-сентябрга коюлсун.
6. Токтомду аткаруу, жетекчиликке алуу жагы Жайыт коммитетинин төрагасы А. Шооруковго милдеттендирилсин.
7. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ruрасмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.А.Энназаров |