КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз X-сессиясынын
2023-жылдын 24-февралындагы № 18
“Көк-Арт айыл аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо тартиби боюнча типтүү эрежелери жөнүндө” Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүнбашчысы Э.М.Жумуковдун 14.02.2023-жылдагы №94 каттоо менен катталган кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз X -сессиясы токтом кылат:
1. “Көк-Арт айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо тартиби боюнча типтүү эрежелери жөнүндө” Жобо бекитилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Арт айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Арстанбековго жүктөлсүн.
Төрага: | А.А.Энназаров |