Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 1-ноябры № 659
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин төмөнкү жактарга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишимди акы төлөнүүчү негизде түзүүгө укуктуу:
1) курулуш объектинин заказчысына (куруучуга), башкы подрядчыга же курулуш объектинин алдындагы жер участогунун менчик ээсине;
2) курулуш этабында заказчы (куруучу) менен алдын ала келишим түзгөн жакка;
3) уставдык капиталында акциялардын (катышуу үлүштөрүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомго, акционердик жана чарбалык коомдор жөнүндө мыйзамдарга ылайык уставдык капиталды көбөйтүү эсебине.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектинин предметин мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик ишканаларга ыктыярдуу жана акысыз өткөрүп берүү жөнүндө алдын ала келишим боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 101-пункт менен толукталсын:
«101. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизделген сунушу боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүп берилген мүлктүн башка мүлк менен орду толтурулган учурда келишим, алдын ала келишим же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашуу боюнча мүлктү мамлекеттин менчигине ыктыярдуу жана акысыз негизде өткөрүп берген жак мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен белгиленген тартипте келишимди, алдын ала келишимди же жарандык-укуктук мүнөздөгү башка макулдашууну бузуу жөнүндө макулдашууну түзө алат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 201, 202-пункттар менен толукталсын:
«201. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүү жарыяланган күнгө чейин үч күндөн кеч эмес баш тартууга укуктуу.
Аукциондон баш тарткан учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Системага бул жөнүндө кабарлоону жайгаштырат жана аукционго катышууга талапкерлерге алар төлөгөн кепилдик төгүмдөрдү кабарлоо жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кайтарып берет.
202. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аукциондо жеңген жак өз ара макулдашуу боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуктуу, ошол эле учурда төлөнгөн кепилдик төгүм тиешелүү арызды алган күндөн тартып ушул жакка 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ошол жакка кайтарылып берилет.»;
- 22-пунктта «бекитилген баштапкы баадан 10 пайыздан ашпаган төмөндөтүлгөн баштапкы баасы менен» деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23. Банктын капиталына чектүү катышууну түзгөн акциялар коюлган аукционго катышкан адам аукциондо жеңген учурда Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктын капиталына чектүү катышууну сатып алууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.
Сатып алуу-сатуу келишими банктын капиталына чектүү катышууну түзгөн акциялар коюлган аукциондун жеңүүчүсү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийин түзүлөт. Эгерде аукциондо жеңген жак Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын албаса же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуудан баш тартылган учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартууга милдеттүү, ошол эле учурда аукциондун жеңүүчүсүнө ал төлөгөн кепилдик төлөм кайтарылып берилет.»;
- 24-пунктта:
«төмөнкүдөй учурларда» деген сөздөрдөн кийин «түз сүйлөшүүлөр жолу менен» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мүлктү акы төлөп ээликтен ажыратуу.»;
- 25, 26-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Баштапкы төгүмдүн суммасы сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 жумуш күндөн кеч эмес толук төлөнүүгө тийиш.»;
- 34-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыймылсыз мүлк объекттерин ээликтен ажыратууда жер участоктору чет өлкөлүк жак болуп саналган сатып алуучуга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен убактылуу пайдалануу укугунда өткөрүлүп берилет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 341-пункт менен толукталсын:
«341. Эгерде сатып алуу-сатуу келишими боюнча тарап чет өлкөлүк жеке же юридикалык жак болсо, анда тараптардын макулдашуусу боюнча сатып алуу-сатуу келишими боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр чет өлкөлүк валютада жүргүзүлүшү мүмкүн. Банктык чыгымдарды жана курстук айырмаларды төлөө объектти (лотту) сатып алуучунун эсебинен жүргүзүлөт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |