Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-октябры ПЖ № 308
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкө ичинде жана эл аралык линияларда калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункт, 9-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |