Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-мартындагы № 48/1
Көк-Дөбө айылындагы “Ак-Шоола”балдар бакчасынын ата-энелер төлөмүн бекитүү жөнүндө
Көк-Дөбө айылындагы “Ак-Шоола” балдар бакчасындагы тарбиялануучу балдардын ата-энелер чогулушунун чечиминин негизинде, ата-энелер төлөмүн бекитүү маселесин Кыргызстан айылдык кеңеши талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Дөбө айылындагы “Ак-Шоола”балдар бакчасындагы ата-энелер төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
- ата-энелер төлөмү 800 сом ай сайын;
- кирүү взносу 2000 сом- бир жолу.
2. Биринчи кезекте каржылоо корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (ата-энелер төлөмүнөн түшкөн кирешенин 80 пайызы тамак-аш үчүн, 20 пайызы ар кандай чыгымдарга жумшалсын).
3. Ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы Кыргызситан айыл өкмөтүнүн у.м.а КЭБнүн башчысы Н.Субанбековага тапшырылсын;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Оморов К |