Редакцияот 20.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү сессиясы

 

 

2023-жылдын 20-июнундагы № 52

 

“Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу”

наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргызстан айыл Кенешинин депутаттары кезексиз сессиясында Манас айылынын тургундарынын кайрылуусун карап , Кыргызстан айылдык кеӊеши:

 

токтом кылат:

 

1. Манас айылынын тургуну Кубандыков Жаныбек Абдывахитович Манас айылынын социалдык-экономикалык инфратүзүмүнө кошкон салымы үчүн “Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. “Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн у.м.а КЭБ башчысы Н.Субанбековага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жунусалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Оморов К