Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-октябры № 693-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 693-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келет.
Жогоруда аталган Алмашуу ноталары жана Гранттык макулдашуу кол коюлганга чейин тиешелүү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин 2024-жылдын 18-июнундагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2024-жылдын 18-июнундагы чечими, Социалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 24-июнундагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 415-т тескемеси менен жактырылган.
Гранттык макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын алдынкы университеттеринде кийин магистр жана доктор даражасын алуу укугу менен англис тилинде эки жылдык окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
"Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоорунун алкагында 2025-2027-окуу жылдарына магистратура программалары боюнча 19 кызматчыны жана 2025-2028-окуу жылдарына докторантура программасы боюнча 1 кызматчыны окутуу каралган.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Япониянын мыйзамдарына ылайык Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында 342000000 (үч жүз кырк эки миллион) япон йени өлчөмүндө грант берет.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык же башка терс кесепеттерге алып келбейт.