Редакцияот 27.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-июлундагы № 6-12-30

 

Кемин шаарынын мэриясынын тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кемин шаарынын мэриясынын тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет (же токтомдо башка мөөнөттү көрсөтсө болот, мисалы, "расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин").

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү Кемин шаарынын мэрине Абдывалиев К.З жүргүзсүн.

 

 

Төрага:

Д. Мусаев