Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 1-ноябры № 702-т
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы Продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы Продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Түркия Республикасынын Соода министрлиги (мындан ары өзүнчө - Тарап жана чогуу - Тараптар),
продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө, анын ичинде эл аралык аренадагы иш жаатында кызматташууну бекемдөө маселелери, өз ара экономикалык жана коммерциялык кызыкчылыктарды коргоо, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандарынын өмүрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугу боюнча чечкиндүү ниеттенүү менен,
Тараптар төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө келди:
1-берене. Продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө
Тараптар төмөнкү маселелер боюнча кыска мөөнөттүү негизде билим, тажрыйба жана эксперттерди алмашуу аркылуу продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатында кызматташуу тууралуу макулдашты:
а) продукциянын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдар тууралуу маалымат алмашуу;
б) рынокту көзөмөлдөө жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
в) сапат инфраструктурасы жөнүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу;
г) сапат инфраструктурасы жана рынокту көзөмөлдөө жаатындагы тийиштүү мекемелердин персоналы үчүн окутуу программаларын уюштуруу.
2-берене. Консультацияларды берүү жана кызматташуу механизми
Тараптар техникалык кызматташуу, коммуникация, маалымат жана тажрыйба алмашуу жаатында талаптагыдай түрдө иштеген системаны түзүү үчүн консультацияларды берүү жана кызматташуу механизмин түзүшөт.
Тараптар тиешелүү механизмдин натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн министрликтердин жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүндө байланыш кызматтарын белгилейт жана дайындалган персоналдын аты-жөнүн, кызмат ордун жана байланыш маалыматтарын Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин үч (3) айдын ичинде экинчи Тараптын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтөт.
Тараптар продукциянын коопсуздугу жана рынокту көзөмөлдөө жаатындагы фундаменталдык маселелерди талкуулоо, ошондой эле келечекте кызматташуу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн зарылчылыкка жараша, тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында регулярдуу эмес убакыт аралыгы өткөндөн кийин жолугушууларды өткөрүү үчүн жогорку деңгээлдеги Жетектөөчү комитетти түзөт.
Тараптар өздөрүнүн бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнө жана тиешелүү улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу үчүн жеке финансылык чараларын көрөт.
3-берене. Купуялуулук
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө ушул Меморандумга ылайык Тараптар натыйжада алмашуучу ачыкка чыгарылуучу маалыматтар жана бардык документтер купуя болуп саналат жана эки Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугун кошпогондо, үчүнчү Тарапка ачыкка чыгарылбоого тийиш.
Тараптар мындай маалыматтын купуялуулугун коргоо жана анын жалпыга жеткиликтүү болушунун же бардык ыйгарым укуксуз жеке же юридикалык жактын ээлигине өтүшүнүн алдын алуу үчүн бардык тийиштүү коопсуздук чараларын көрүүгө милдеттенет.
4-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөгө же ишке ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптар ортосунда достук консультациялары жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5-берене. Эл аралык милдеттенмелер
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун бир дагы жобосу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарды жоготууга же милдеттенмелерди аткаруудан бошотууга алып келе тургандай чечмелениши мүмкүн эмес.
6-берене. Байланыш кызматтары
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаттары үчүн төмөнкүлөр байланыш жактары болуп саналат:
а) Кыргыз Республикасы үчүн - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы;
б) Түркия Республикасы үчүн - Соода министрлигине караштуу Продукциянын коопсуздугу жана инспекция боюнча башкы башкармалык.
Тарап өзүнүн байланыш кызматындагы бардык өзгөрүүлөр тууралуу экинчи Тарапка дароо кабарлоого милдеттенет. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду чечмелөөдөгү же аткаруудагы бардык айырмачылыктар Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынат.
7-берене. Өзгөртүүлөр жана кабарлоолор
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча каалаган убакта киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 6-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу бийлик органдарынын ортосундагы ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга тиешелүү бардык кабарлоолор жазуу жүзүндө жөнөтүлөт.
8-берене. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонууну токтотуу
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мөөнөтү бир (1) жылды түзөт жана Тараптардын бири экинчи Тарапка аны колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде үч (3) ай мурда бузуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо жөнөтпөсө, ал автоматтык түрдө кийинки үч (3) жылга узартылат.
Тараптардын ар бири ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүү менен каалаган убакта буза алат. Мындай учурда бул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду колдонуу бузуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып алты (6) айдан кийин токтотулат.
Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду токтотуу эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, кандайдыр бир учурдагы иш-чараларды же долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
2024-жылдын "___" ____________ _____________ шаарында эки нускада, англис, кыргыз, орус жана түрк тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун чечмелөөдө айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги үчүн |
| Түркия Республикасынын Соода министрлиги үчүн |
_____________________________________ |
| _____________________________________ |