Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 20-февралы № 1/1-28

 

Бириккен Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бириккен Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1-протокол бекитилсин.

2. Бириккен Кочкорбаев айыл аймагынын Кочкорбаев айылдык кеңешинин төрагасы Токбергенов Эльдияр Ишенкулович шайланган деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага

 

Э.И.Токбергенов