Сравнение редакций…
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты), Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле мамлекеттик кызматты жана кадр ишин бүтүндөй өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу;
2) жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылуу:
3) республиканын региондорундагы социалдык-экономикалык абалды, коомдук-саясий кырдаалды иликтөө, жалпылоо жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына өз убагында жеткирүү;
4) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу.
5. Бөлүм алдына коюлган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) мамлекеттик башкаруунун сапатына мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына тийиштүү сунуштарды киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен негизги иш-чаралардын ар айлык жана ар жумалык планын түзөт;
3) өлкөдөгү мамлекеттик кызматтын жана кадр саясатынын абалын, Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин кесиптик компетенттигинин деңгээлин талдайт;
4) кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотууда материалдарды тариздейт, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган жана макулдашылган кызмат адамдарынын мамлекеттик кызмат өтөшү менен байланышкан башка маселелерди чечет, алардын өздүк иштерин жүргүзөт;
5) Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, алардын этикалык ченемдерди сактоолору боюнча иш жүргүзөт;
6) жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү жана аларды таркатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы ишин камсыздоону, анын ичинде бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча анын келечектеги жана учурдагы иш пландарын даярдоону уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорго баруулары боюнча даярдоо иштерин жүргүзөт;
9) жергиликтүү жамааттардын ролун жана ишмердигин талдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү сунуштарды киргизет;
10) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коомчулук, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен күтүлгөн уюмдар жана мекемелер менен кызматташгыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн абалын талдайт;
11) өлкөнүн региондорундагы иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
12) өлкөнүн региондорундагы учурдагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин маалымат менен камсыз кылат;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларынын сапаттуу аткарылышын контролдойт;
14) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен жетекчи курамды жана жооптуу кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө окутууну, стажировкадан өткөрүүнү уюштуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
15) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен өз ара аракеттенет;
16) мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадр ишинин тажрыйбаларын иликтейт, аларга иштиктүү жана усулдук жардам көрсөтөт.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдери менен тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат суратууга;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмаларды берүүгө;
3) бөлүмдүн карамагына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмалары боюнча белгиленген тартипте кызматтык териштирүү жүргүзүүгө;
4) өз компетенциясынын алкагында мамлекеттик жана башка органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруусу боюнча ишин инспектрлөө үчүн бөлүмдүн кызматкерлерин жиберүүгө;
5) жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароого, ушул максаттарда бул ишке катышуу үчүн Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамлекеттик органдардын, анын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактардын кызматкерлерин, ошондой эле жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын угууга;
7) бөлүмдүн милдеттерине жана функцияларына кирген маселелерди чечүүгө катышууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмгө бөлүм башчы жалпы жетекчилик кылат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчынын эки орун басары болот, алар бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Орун басарлардын бири өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү секторуна жетекчилик кылат.
9. Бөлүмдө кадрлар сектору бар, ага бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу сектор башчы жетекчилик кылат.
10. Бөлүмдүн инспекторлору жана бөлүмдүн секторлорунун эксперттери бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого, кызматтык сырды жана жашырындуулук режимин сактоого милдеттүү.
12. Бөлүм башчысы:
1) бөлүмдүн ишин уюштурат жана пландаштырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча министрликтер, ведомстволор, борбордук жана башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бөлүмдүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары койгон тапшырмаларды жана милдеттерди аткарууну камсыз кылат.
4) ушул Жободо каралган бөлүмдүн милдеттерин жана функцияларын аткарууну камсыз кылат;
5) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, алардын ишин талаптагыдай уюштурууну жана алардын кызматтык тартипти сакташын камсыз кылат;
6) бөлүмдүн ишине таандык маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштурат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга жана кеңештерге катышат;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу үчүн Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин республиканын региондоруна иш-сапарга жиберүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
9) бөлүмдүн ишине таандык жана Кыргыз Республикасынын Президенти карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн зарыл болсо министрликтердин, ведомстволордун, борбордук жана башка аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактарды кызматкерлерин, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүн тартат;
10) бөлүмгө келип түшкөн кайрылууларды карайт, алардын аткарылышын контролдойт, бөлүмдүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана орун басарларында болгон оперативдүү кеңешмелер жөнүндө маалымдайт;
11) уюштуруу ишинин маселелерин жана проблемаларын иликтөөгө жана жалпылоого бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин багыттайт, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдайт.
13. Бөлүм башчысынын орун басары:
1) бөлүм башчысы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүм башчысы менен бирдикте бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди жана аткаруу үчүн келген документтерди бөлүштүрөт;
3) бөлүмдүн ишине таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдукту уюштурат;
4) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана орун басарларында болгон жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
5) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган бөлүмдүн ишине таандык маселелерди даярдоого катышуу үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, коммерциялык эмес уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын адистерин тартат;
6) уюштуруу ишинин маселелерин жана проблемаларын иликтөөгө жана жалпылоого бөлүмдүн кызматкерлеринин ишин багыттайт, өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөдө болуп жаткан процесстерди талдайт;
7) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт.
14. Бөлүм башчысынын орун басары - өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы:
1) бөлүм башчысы жана/же бөлүм башчысынын орун басары жок болгон учурда аларды алмаштырат;
2) сектордун ишине таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону уюштурат;
3) бөлүм башчы жана бөлүм башчысынын орун басары жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
4) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган сектордун ишине таандык маселелерди даярдоого катышуу үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, коммерциялык эмес уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын адистерин тартат;
5) региондорду өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарынын инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү маселелерин уюштурат;
6) бөлүм башчы менен макулдашуу боюнча сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт.
15. Кадрлар секторунун башчысы:
1) кадр ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу, сунуш кылуучу жана бекитүүчү кызмат орундарынын Тизмесине (мындан ары - Тизме) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдайт;
3) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Президенттин Аппаратында иштөөгө жана Тизмеге кирген жетекчилик кызмат орундарына сунуш кылынган талапкерлердин ишкердик сапаттарын иликтейт;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана анын Аппаратынан, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кадрлар менен иштөөгө тиешелүү маалыматтарды, кадрлар боюнча статистикалык маалыматтарды жана мамлекеттик кызматчылар боюнча башка материалдарды суратууга укуктуу;
5) Президенттин Аппаратында Кадрлар менен иштөө тартибин иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
6) Тизмеге кирген кызмат ордуна дайындоого каралып жаткан талапкерлер менен Президентинин Аппаратында аңгемелешүүлөрдү өткөрүүнү уюштурат;
7) Тизмеге кирген жетекчи кызмат ордунда бар бош орундар жөнүндө, Президенттин Аппаратында бар болгон бош орундар жөнүндө Президенттин Аппаратынын жетекчилигине маалымдайт;
8) кадр маселелери боюнча тийиштүү чечимдерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) кадр маселелерин чечүү үчүн зарыл башка функцияларды жүзөгө ашырат.
16. Бөлүмдүн инспекторлору:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын буйруктарын жана тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурат жана координациялайт;
2) мамлекеттик органдардын ишин усулдук жактан өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) региондордогу иштин абалын системалуу талдайт, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын кароосуна киргизүү үчүн иликтенген маселелер боюнча маалымкаттарды жана отчетторду даярдайт;
4) аларга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу, бөлүмдүн компетенциясына кирген ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун жана жетекчиликтин башка тапшырмаларын сапаттуу жана өз убагында даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
5) бөлүмдүн жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.
17. Бөлүмдүн инспекторлору жер-жерлердеги иштин абалын билип, аймактардын келечектүү өнүгүшү жөнүндө зарыл оперативдүү маалыматтарга жана билдирүүлөргө, ошондой эле жергиликтүү кадрлар жөнүндө маалыматтарга ээ болушу керек.
18. Өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун эксперттери:
1) маалыматтык-талдоо жана эксперттик ишти жүргүзөт;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын контролдойт;
3) бөлүмдүн ишине таандык маселелер боюнча мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана экспертиза жүргүзөт;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тарабынан кароодо зарыл болгон аналитикалык, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
5) бөлүм башчынын, бөлүм башчынын орун басарынын, бөлүм башчынын орун басары - өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысынын бөлүмдүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл маселелер боюнча тапшырмаларын аткарат;
6) бөлүмдүн милдеттерин чечүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
19. Кадрлар секторунун эксперти:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу, бекитилүүчү, сунуш кылынуучу жана бошотулуучу кызмат орундарынын Тизмесине кирген кызмат адамдарынын өздүк иштерин түзүү боюнча ишти алып барат;
2) кызмат орду Тизмеге кирген кызматкерлерди дайындоо жана бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлорун, класстык чендерди берүү боюнча документтерди, кызматкерлерди дайындоо, бошотуу, ошондой эле кызматкерлерге эмгектик өргүү берүү жөнүндө Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлорун даярдайт;
3) кадрлар менен иштөө маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын аткарууну уюштурууну жана контролдоону жүзөгө ашырат;
4) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин, Тизмеге кирген мамлекеттик жана башка органдардын жетекчилеринин сапаттык курамын түзөт, кадрлардын курамы жана алмашуусу жөнүндө ар жылдык статистикалык отчетту жалпылайт;
5) Тизмеге кирген жетекчи кызмат орундарына сунуштарды жалпылайт жана кадрлар резервин түзөт, алардын жеке эсебин жүргүзөт;
6) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин ар жылдык өргүүлөрүнүн графигин түзөт;
7) жумуш убактысын эсепке алуу табелин жүргүзөт жана ай сайын аны бухгалтерияга берип турат;
8) анын ишине тиешелүү жарандардын даттанууларын, арыздарын жана кайрылууларын кароого катышат;
9) эмгек китепчелерин сактайт жана толтурат, кадрлар боюнча документтерди белгиленген тартипте жүргүзөт;
10) кесиптик бирлик комитети менен бирдикте Президенттин Аппаратынын кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди даярдайт, аларды тийиштүү органдарга сунуш кылат;
11) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгекке жараксыздык баракчаларын тариздейт;
12) архивге тапшыруу үчүн документтерди даярдайт;
13) Президенттин Аппаратынын кызматкерлеринин эмгектик иши жөнүндө маалымкаттарды берет.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ