Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2024 жыл, 12-апрелиндеги №4/II

 

Административдик-аймактык түзүлүштү жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Респубикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы№350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Красная Речка айыл аймагында 2023-жылдын 25-августунда айыл аймагында жайгашкан мекемелердин жетекчилери, айыл аймагынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары, кварталдык комитеттин мүчөлөрү менен биргеликте чогулуш өткөрүлгөн, чогулуштун алкагында Кыргыз Респубикасында административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө жарандарга маалымат катары тааныыштырып жеткирилди, ошндой эле административдик-аймактык түзүлүштү андан ары өркүндөтүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик, социалдык жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Респубикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренелерние ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Красная Речка жана Нурманбет айыл аймактарын бириктирип, Красная Речка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Нурманбет айыл аймагынын Нурманбет айыл өкмөтү деп аталсын.

2. Нурманбет айылдык кенешинин жоопту катчысы Н.М.Туленова:

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;

- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

 

 

 

 

3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нурманбет айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.С.Бекбоева