Сравнение редакций…
|
| 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жана Аппараты, сот органдары жана прокуратура органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (мындан ары - Адвокатура), ошондой эле анын карамагына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сот системасынын органдарына жана прокуратурага карата Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча анын ишин камсыз кылуу;
2) мыйзамдуулукту чыңдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдар жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
3) сот системасын реформалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик органдар жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга катышуу;
4) мыйзамдуулук жана сот адилеттиги системасын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык-талдоо жана эксперттик-божомолдоо жагынан камсыз кылуу;
5) сот органдарында жана прокуратура органдарында мамлекеттик кадр саясатын камсыз кылууга катышуу.
5. Бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) белгиленген тартипте сунуштарды даярдайт, мыйзамдуулукту сактоо жана сот адилеттигин камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча уюштуруу-практикалык чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
2) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
3) мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет;
4) сот системасын реформалоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет;
5) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизалоого катышат;
6) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк практиканы жана тажрыйбаны иликтейт;
7) прокуратура кызматкерлерине, судьяларга, соттордун аппараттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин (мындан ары - Сот департаменти), Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерине (мындан ары - Сот адилеттигинин жогорку мектеби) жогорку аскердик наамдарды, квалификациялык класстарды, класстык жана атайын класстык чендерди, ардактуу наамдарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө келип түшкөн сунуштарга корутунду даярдайт;
8) судьяларга, соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата келип түшкөн кайрылууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында текшерет, бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
9) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши), Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы (мындан ары - Тартип комиссиясы) менен төмөнкүдөй өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат:
- судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, соттордун бюджеттерин түзүү жана аткаруу, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу маселелери боюнча;
- сот системасынын кадрдык резервин түзүү маселеси боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата), жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө маселени кароодо;
10) Жогорку соттун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди конкурстук тандоонун, аларды шайлоо же дайындоо үчүн сунуш кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш (мындан ары - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
11) сотторду финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча Сот департаменти менен, судьялык кадрларды окутуу маселелери боюнча Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен макулдашылган ишти камсыз кылат;
12) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо маселелери боюнча, мыйзамдуулукту сактоо жаатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура) менен ишти координациялоону камсыз кылат;
13) Башкы прокурорду, анын орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу маселеси боюнча белгиленген тартипте сунуш даярдайт;
14) прокуратура системасынын кадрлар резервин түзүү, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу маселеси боюнча Башкы прокуратура менен өз ара аракеттенет;
15) прокуратура органдарында жетектөөчү кадрларды дайындоону макулдашат;
16) төмөнкүлөр менен өз ара аракеттенет:
- прокуратура жана сот органдары, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун өкүлдөрү менен мыйзамдуулук жана сот системасы маселелери боюнча;
- эл аралык уюмдар менен прокуратура органдарынын жана сот органдарынын системасын өнүктүрүү маселелери боюнча;
17) бөлүмдүн компетенциясынын чектеринде Адвокатура менен өз ара аракеттенет;
18) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) прокуратурадан, сот органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан жана башка органдардан, ошондой эле башка юридикалык жактардан бөлүмдүн иши үчүн зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылууга;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын жана актыларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу жөнүндө мамлекеттик органдардын жетекчилеринен жана кызмат адамдарынан маалымат суратууга;
4) мамлекеттик жана башка органдардын жыйналыштарына (кеңешмелерине) белгиленген тартипте катышууга;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
6) судьяларга жана соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине карата Аппаратка келип түшкөн кайрылууларды белгиленген тартипте текшерүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын судьяларына карата материалдарды карап чыгуу үчүн Судьялар кеңешине, Тартип комиссиясына жана Судьяларды тандоо боюнча кеңешке жиберүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуп туруу, четтетүү же мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселелер боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
9) прокуратура органдарынын кызматкерлерин жетектөөчү кызматтарга дайындоодо алар менен аңгемелешүү жүргүзүүгө;
10) Аппарат жөнүндө жободо же ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүмгө бөлүм башчы түздөн-түз жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси, бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары менен мамиледе анын атынан иш алып барат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
8. Бөлүм башчы Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Бөлүм башчынын орун басары болот, ал бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Эксперттер бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери мамлекеттик кызматтын этикасын, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого милдеттүү.
12. Бөлүм башчысы:
1) бөлүмдүн ишин пландаштырат жана уюштурат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт, аткаруу үчүн келип түшкөн документтерди бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт жана талаптагыдай кызматтык тартипти камсыз кылат;
3) мамлекеттик жана башка органдардан зарыл маалыматтарды жана башка материалдарды суратууга жана алууга укуктуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тапшырган маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон учурда мамлекеттик жана башка органдардын жетекчилерин чакырат;
5) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенет;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Судьялар кеңеши, Тартип комиссиясы, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш, сот органдары, прокуратура органдары жана Адвокатура менен өз ара аракеттенет;
8) бөлүмдүн карамагына кирген маселелерди карап чыгууда Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана бөлүмдүн кароосуна түшкөн башка документтерге виза коёт;
10) бөлүмдө жашыруундуулук режиминин сакталышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын ачыкка чыгып кетишине жол бербөөнү камсыз кылат;
11) бөлүмдүн кызматкерлеринде турган документтердин аткарылышына контролдукту камсыз кылат;
12) бөлүмдүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
13) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
13. Бөлүм башчынын орун басары;
1) бөлүм башчы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Башкы прокуратура менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
3) бөлүмдө иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) бөлүм тарабынан тапшырмалардын аткарылышы, мыйзамдуулук маселелери боюнча документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
5) бөлүм башчысы менен макулдашуу боюнча мыйзамдуулук маселелери боюнча бөлүмгө келип түшкөн материалдарды кызматкерлердин арасында бөлүштүрөт;
6) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат;
7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча мыйзамдуулук маселелери боюнча эксперттик-талдоо маалымкаттарын жана сунуштарды иштеп чыгат;
8) жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
9) бөлүм башчысы тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Бөлүмдүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобо, ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмалары менен аныкталган компетенциянын чектеринде бардык мамлекеттик органдар жана уюмдар, ошондой эле жарандар менен мамилелерде Президенттин Аппаратынын өкүлдөрү болуп саналат.
15. Бөлүмдүн эксперти:
1) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
2) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
3) бөлүмдүн карамагына кирген маселелер боюнча сот органдары, прокуратура органдары жана Адвокатура, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
4) Кыргыз Республикасындагы сот системасын жана прокуратураны өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен иштөөнү камсыз кылат;
5) сот системасын жана прокуратура органдарын реформалоо маселелери боюнча сунуштарды жалпылайт, талдайт жана даярдайт;
6) сот органдары жана прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча ишине мониторинг жүргүзүү боюнча материалдарды талдайт;
7) соттордун жана прокуратуранын ишмердигинин маселелерине тиешелүү жарандардан жана юридикалык жактардан келип түшкөн кайрылуулар боюнча жооптордун жана корутундулардын долбоорлорун карайт жана даярдайт, алар боюнча зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин же анын орун басарларынын, бөлүм башчынын тапшырмаларынын долбоорлорун даярдайт;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин актыларын жана тапшырмаларын аткарууга контролдук кылат;
9) функционалдык милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) бөлүмдүн жетекчилиги тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ