Редакцияот 29.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын

 

2023-жылдын 29-майындагы № 5

 

“Жердин категориясын которуу(трансформациялоо) жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа участкасынан №10 жазаларды аткаруу мекемесине кыш заводго топурак карьерге жана инвестиция тартуу үчүн топурак карьерге Карача айылынын Платина участкасынан 3га жер аянтына макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №10 жазаларды аткаруу мекемесине топурак карьерге Сары-Талаа участкасынан 3га жайыт жер аянтын мыйзам чегинде которуштурууга уруксат берилсин.

2. жайыт жер аянтын мыйзам чегинде трансформациялоого уруксат берилсин.

3. Жазаларды аткаруу мекемесине баруучу жолду минтранстын балансына өткөрүп берүү жагы, ырааттуу ремонт ишетрин жүргүзүү жагы келишим түзүлсүн.

4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Чолпонбаев