БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясынын
2023-жылдын 29-майындагы № 3
“Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы, Бешик-Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-январындагы кезектеги XXIV сессиясындагы №10 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-январындагы кезектеги XXIV сессиясындагы №10 токтомго төмөндөгүдөй мазмунда өзгөртүү киргизилсин.
2. Бешик-Жон айыл аймагындагы “Аккызжон” участкасынын этегинен 2га жер аянтына Тиллебай-Коргон тарыхый маданий бак-музей тигүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашырып документ иштерин жүргүзүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана этика боюнча туруктуу комитетине” жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А.Чолпонбаев |