Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-октябры № 699-т
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун калктуу конуштарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Расмий тилдерде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы үчүн кошумча каржылоо" кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы үчүн кошумча каржылоо" гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |