Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/15
Кара-Кулжа айылдык кенешинин III чакырылышынын, IV чакырылышынын, V чакырылышынын, VI чакырылышынын жана VII чакырылышынын катчысы, Кара-Кулжа Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Кадыров Даныяр Шеркуловичти Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Ардак граматасы” менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө
Жергиликтүү тургундардын эркиндиктерин, адамдык баалуулуктарын, ар-намысын коргоо, кадыр-баркын урматтоо, аракечтиктен жасалып жаткан укук бузууларды жана жаш балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөө мүчөлөрүнө карата укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүү жана үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардан адамдык баалуулуктарын жоголушун, бактысыз үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүн, ата-энеси жок тарбияланган балдар, билими төмөн өспүрүрмдөрдүн өсүшү, тарбиясы жок чонойгон балдардын жана өспүрүрмдөрдөрдүн коомдогу терс көрүнүштөргө көнүмүш коркунучтарын алдын алуудагы Коомдук алдын алуу борборунун 2014-2024-жылдардагы укук бузууларды алдын алуу иш аракеттеринин натыйжалары жана иш тажрыйбасы жөнүндөгү буклет-билдирүүлөрүн жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ дын) төрагасы Д.Ш.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун 2014-2024-жылдардагы укук бузууларды алдын алуу иш аракеттеринин натыйжалары жана иш тажрыйбасы жайылтылсын.
2.Кара-Кулжа айылдык кенешинин III чакырылышынын, IV чакырылышынын, V чакырылышынын, VI чакырылышынын жана VII чакырылышынын катчысы Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы Кадыров Даныяр Шеркулович Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин “Ардак граматасы” менен сыйлоого сунушталсын.
3.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ дын) төрагасы Д.Ш.Кадыровдун жана аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн уюштуруучулук иштери жөнүндөгү буклет-билдирүүлөрү эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |