Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кенешинин кезектүү жыйырма биринчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 15-августу № 21/16
Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесинин 1 “Жергиликтүү коомдоштуктардын уставдары тиешелүү коомдоштуктардын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү жергиликтүү кенештер тарабынан кабыл алынышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовдун Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жобосу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобо 7 (жети) бөлүмдөн бекитилсин.
2.Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын күбөлүгү айылдык кеңештин мөөрү менен күбөлөндүрүлсүн.
3.Сыйлыкка сунушталгандардын документтеринин тизимин кароо үчүн саны 9 (тогуз) кишиден турган комиссиянын курамы, курамдын бир бөлүгү айылдык кеңештин депутаттары жана бир бөлүгү жарандык коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн түзүлсүн жана комиссиянын курамынын биринчи уюштуруу жыйынында ачык добуш менен комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлап бекитсин.
4.Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга сунушталгандардын документтеринин тизимин кароо боюнча комиссиянын курамы ар бир кварталына бирден жыйын өткөрүү тапшырылсын.
5.Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлангандардын төш белгисин жана күбөлүгүн даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага | А.А. Бөрүбаев |