Сравнение редакций…
|
| 7-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президенттин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, өнүгүү институттары жана башка түзүмдөр менен өз ара тыгыз аракетте жүргүзөт.
4. Бөлүм катчылык катары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин ишин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча чараларын иштеп чыгат жана сунуштайт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
5. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү саясатынын маселелери боюнча маалыматтык-талдоо жана эксперттик камсыз кылуу;
2) узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү приоритеттерин кайра баалоо жана ага түзөтүүлөрдү киргизүү предметине тышкы жана ички факторлорду талдоо;
3) финансылык-экономикалык маселелер боюнча сунуштарды даярдоо;
4) орто мөөнөттүү мезгилге программалардын жана саясаттын өнүгүүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жана милдеттерине шайкештигин камсыз кылуу;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын жана тапшырмаларынын жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын долбоорлорун экспертизалоону камсыз кылуу;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген социалдык-экономикалык, финансылык жана башка чөйрөлөрдө өнүгүү тенденцияларына талдоо жүргүзүү, экономикалык өнүгүү көз карашынан алганда өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген ички жана тышкы тобокелдик факторлорун табуу.
6. Бөлүм жогоруда аталган милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү функцияларды аткарат:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына талдоочулук, маалыматтык жана башка материалдарды иштеп чыгат;
2) өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаалды талдайт, экономика чөйрөсүндөгү окуялардын өнүгүшүнө божомолдорду иштеп чыгат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн маалыматтык-талдоо жана эксперттик материалдарды жана сунуштарды даярдайт;
3) бийликтин ар кандай бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда узак мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
4) стратегиялык жана артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго алдын-ала талдоо жүргүзөт;
5) орто мөөнөттүү стратегияларды, программаларды, өнүктүрүү саясатын түзүү, мамлекеттик стратегиялык пландоонун методологиясын жана укуктук негиздерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды берет;
6) акча-кредит, бюджет жана фискалдык саясаттын негизги багыттары жана финансылык тартипти камсыз кылуу боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
7) инвестициялык саясаттын, тышкы экономикалык иштин жана ишкердик чөйрөнүн негизги багыттары боюнча, ошондой эле өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсүндө сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
8) өлкөнүн региондорун экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттер аралык мамилелеринин, миграциянын экономикалык аспекттеринин негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы же анын катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттүк эмес түзүмдөр жана жарандык сектор, улуттук жана эл аралык изилдөө институттары, эл аралык уюмдар, ассоциациялардын жана бизнес-жамааттардын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер менен өз ара аракеттенет;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин, талдоо жана маалымдама маалыматтардын долбоорлоруна эксперттик корутундуларды даярдайт;
12) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышына контролдук кылат;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын талдоо ишине методологиялык колдоо көрсөтөт жана координациялайт;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча концепцияларды, программаларды, стратегияларды жана башка документтерди иштеп чыгууга катышат;
15) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына даректелген жарандардын каттарын жана кайрылууларын карайт;
16) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
7. Коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнөн, мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка уюмдардан жана мекемелерден белгиленген тартипте бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтарды жана башка билдирүүлөрдү анын ичинде жашыруун документтерди, маалыматтарды жана башка билдирүүлөрдү суратууга жана алууга;
2) Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
3) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына тиешелүү тапшырмаларды берүүгө;
4) Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча жыйналыштарга, угууларга жана башка иш-чараларга катышууга;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүгө;
6) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын, топтордун ишине катышууга;
7) министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга Президенттин Аппаратында документтер менен иштөө регламентин бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актыларды жана башка материалдардын долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу, тийиштүү органдар менен макулдашуу үчүн белгиленген тартипте кайра кайтарууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
8. Бөлүмгө жалпы жетекчиликти бөлүм башчы жүзөгө ашырат, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
9. Бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы бар болот.
10. Бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы, долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы жана бөлүмдүн эксперттери бөлүм башчынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
11. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү.
12. Бөлүм башчысы:
1) бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди жана аткарууга келип түшкөн документтерди бөлүштүрөт, талаптагыдай кызматтык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
2) бөлүмдүн кызматкерлери тапшырмаларды аткарышы, документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдө иш кагаздарынын талаптагыдай жүргүзүлүшүн жана эмгектик тартипти камсыз кылат;
4) бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешмелерди өткөрөт;
5) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди оперативдүү тартипте чечүү үчүн зарыл болсо министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин чакырат;
6) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары карай турган маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда алардын кызматкерлерин тартат, бөлүмдүн компетенциясына таандык маселелер боюнча алардын маалыматтарын угат;
7) бөлүмдүн кызматкерлеринде аткарууда жаткан документтердин аткарылышына контролдукту камсыз кылат;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинде жана анын орун басарларында болгон кеңешмелерге катышат:
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын аткарышына контролдукту камсыз кылат;
10) бөлүмдүн кароосуна келип түшкөн Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарынын долбоорлоруна жана башка документтерге виза коёт;
11) өз компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
12) бөлүмдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлоого көрсөтөт, аларга карата жаза чара колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
13) бөлүмдө жашыруундуулук режимин камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ачыкка чыгарылбай турган жана кызматтык мүнөздөгү маалыматтардын ачыкка чыгып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрөт;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
13. Бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы, долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы жана бөлүмдүн эксперттери бөлүмдүн компетенциясына кирген ыйгарым укуктарды ишке ашырат, бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча тапшырмалардын аткарылышы, ченемдик документтердин сапаттуу жана өз убагында даярдалышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы бөлүм башчысы жок болгон учурда аны алмаштырат, бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы да жок болгон учурда долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы экөө тең жок болгон убакта алмаштырат.
14. Бөлүм башчысынын орун басары - стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун башчысы, долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы секторлордун ишин жетектейт, секторго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкерчилик тартат, ошондой эле төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү саясатынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорун даярдоо;
2) бөлүм башчысына сектордун иши боюнча сунуш киргизүү;
3) сектордун кызматкерлеринин милдеттерин аныктоо;
4) бөлүм башчысына кызматкерлерди сыйлоо жана чара колдонуу жөнүндө сунуш киргизүү;
5) сектордун кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү;
6) сектордун компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды аткаруу.
15. Эксперттер:
1) бөлүмдүн, сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларына, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарына экспертиза жүргүзөт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жана бөлүмдө функционалдык милдеттердин жана документтердин бөлүштүрүлүшүнө жараша талдоо, маалымдама жана башка материалдарды даярдайт;
3) кураторлук кылган маселелердин алкагында маалыматтык-талдоо ишин жана маалыматтардын базасын түзүүнү белгиленген тартипте ишке ашырат;
4) кырдаалга мониторинг жүргүзөт, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарды изилдейт жана бөлүм башчысына маалымат берет;
5) функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын аткарышына контролдук кылат;
6) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жана функционалдык милдеттерге ылайык жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
7) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратынын Жетекчисине жана анын орун басарларына даректелген жарандардын кайрылууларын карайт;
8) функционалдык милдеттердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) бөлүмдүн, сектордун компетенциясына кирген башка функцияларды аткарат.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ