Сравнение редакций…
|
| 8-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 243 Жарлыгына |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү (мындан ары - бөлүм) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин (мындан ары - Президентинин Аппаратынын Жетекчиси) жана анын орун басарларынын ишин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын (мындан ары - Президенттин Аппараты) түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Бөлүм өз ишин бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты жана комитеттери, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) (мындан ары - Акыйкатчы), этностук жамааттар жана алардын бирикмелери, диний уюмдар, башка коомдук жана эл аралык уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте жүргүзөт.
2. Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
4. Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишин эксперттик-талдоо, маалыматтык камсыз кылуу;
2) жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат жаатындагы жана социалдык чөйрөлөрдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, бөлүмдүн компетенциясына кирген стратегиялык маселелер боюнча сунуштарды даярдоо.
5. Бөлүм негизги милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын элинин биримдигин консолидациялоо жана сактоо маселелери, этностор аралык жана жарандык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери боюнча иш-чараларын уюштуруу;
2) этностор жана этностор аралык мамилелер, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жагында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандык жана эл аралык коомчулук, ошондой эле бөлүмдүн компетенциясына кирген өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мониторинг жүргүзүү, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык багыттарды жана саясаттын оперативдүү чараларын иштеп чыгуу;
5) билим берүү, илим, тарых, маданият, искусство, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу, социалдык коргоо, дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты жаатындагы мамлекеттик саясатты аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
6) социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик жана улуттук программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана сунуштоо, ошондой эле аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Акыйкатчы менен өз ара аракеттенип адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана башка документтерге корутундуларды даярдоо;
9) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларынын долбоорлорун даярдоо;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аларга берилген ыйгарым укуктардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларынын аткарылышына контролдук кылуу;
11) Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Аппаратына даректелген, бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча каттарды жана башка кайрылууларды кароо;
12) социалдык өнүктүрүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сапаттуу аткарылышын контролдоо;
13) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча докладдарды, талдоо жана маалыматтык маалымкаттарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштоо;
14) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлорун жана башка актыларын иштеп чыгуу;
15) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын бөлүмдүн компетенциясына кирген тапшырмаларын аткаруу;
16) бөлүмдүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын катышуусу менен өтүүчү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
17) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү.
3. Бөлүмдүн ыйгарым укуктары
6. Бөлүм негизги милдеттерди чечүү жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкү укуктарга ээ:
1) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча стратегиялык жана концептуалдык мүнөздөгү документтерди иштеп чыгууну демилге кылууга;
2) бөлүмдүн иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык жумушчу топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюу үчүн келип түшкөн мыйзамдарга экспертиза жүргүзүүгө жана корутунду берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка материалдарды жеткире иштеп чыгуу үчүн министрликтерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте кайтарууга;
6) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн талдоо жана эксперттик иштерди аткарууга, анын чечимдеринин долбоорлорун жана башка материалдарды иштеп чыгууга мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин, ошондой эле мамлекеттик илимий мекемелердин кызматкерлерин, айрым адистерди жана окумуштууларды тартууга;
8) тейлеген министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын кеңешмелерине, жыйналыштарына катышууга, алардын Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын аткаруусу жана алардын иш жүргүзүүсү боюнча маалыматтарын угууга;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык топтордун, комиссиялардын ишине катышууга;
10) бөлүмгө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл башка укуктарды ишке ашырууга.
4. Бөлүмдүн жетекчилиги жана кызматкерлери
7. Бөлүм башчысы бөлүмдүн ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт, ал Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
8. Бөлүм башчысынын орун басары, ошондой эле бөлүмдүн башчысынын орун басары - социалдык өнүктүрүү секторунун башчысы болот, алар бөлүм башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
9. Эксперттер бөлүмдүн башчысынын сунушу боюнча Президенттин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
10. Бөлүмдүн кызматкерлери Мамлекеттик кызматчынын этика кодексин сактоого, чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга, мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого милдеттүү.
11. Бөлүм башчысы:
1) функционалдык милдеттерди жана аткарууга келген документтерди бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда бөлүштүрөт, тиешелүү кызматтык тартипти камсыз кылат;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча бөлүмдүн кызматкерлери менен кеңешмелерди өткөрөт;
3) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары тапшырган маселелерди тез арада чечүү үчүн зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик башка органдардын жетекчилерин чакырат;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси жана анын орун басарлары кароого тийиш болгон маселелерди даярдоого катышуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик башка органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлерин алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча зарыл болгон учурда тартат;
5) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелерди кароодо Президенттеги, Президенттин Аппаратынын Жетекчисиндеги жана анын орун басарларындагы кеңешмелерге катышат;
6) бөлүмдүн кароосуна келген Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна жана башка документтерге виза коёт;
7) өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматтык документтерге кол коёт;
8) бөлүмдүн түзүмү жана штаттык саны жөнүндө, бөлүмдүн кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарды Президенттин Аппаратынын Жетекчисине берет;
9) бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоого белгиленген тартипте сунуш берет, тартип жаза чарасын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет;
10) бөлүмдө жашырындуулук режимин сактоону камсыз кылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыкпоого тийиш болгон маалыматтарды ачыкка чыгарууну болтурбоо боюнча чараларды көрөт;
11) бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
12) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
12. Бөлүм башчысынын орун басары:
1) башчы жок болгон учурда аны алмаштырат;
2) өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткаруусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) бөлүмдөгү иш кагаздарын талаптагыдай жүргүзүүнү жана эмгек тартибин камсыз кылат;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Президенттин Аппаратынын кароосуна келип түшкөн ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин экспертизасын өткөрөт;
5) бөлүм башчысы жок болгон учурда бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинде, Президенттин Аппаратынын Жетекчисиндеги жана анын орун басарларындагы кеңешмелердин ишине катышат;
6) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштамаларды жана илимий-талдоо маалымкаттарын иштеп чыгат;
7) бөлүмдүн эксперттерине карата сыйлоо жана жаза чара колдонуу жөнүндө бөлүм башчыга сунуштарды киргизет;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
13. Бөлүм башчынын орун басары - социалдык өнүктүрүү секторунун башчысы сектордун ишине жетекчилик кылат, секторго жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү жана илим, жаштар саясаты жана спорт маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын долбоорлорун даярдайт;
2) сектордун иши боюнча бөлүм башчыга сунуштарды киргизет;
3) сектордун кызматкерлеринин милдеттерин аныктайт;
4) сектордун кызматкерлерине сыйлоо жана жаза чара колдонуу жөнүндө бөлүм башчыга сунуш киргизет;
5) сектордун кызматкерлерине аткаруу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
6) сектордун компетенциясына таандык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
14. Бөлүмдүн эксперти:
1) кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине келип түшкөн мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдеринин долбоорлоруна корутундуларды даярдайт;
2) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин чечимдерин, тапшырмаларын даярдоого катышат;
3) өзүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткаруусу, ченемдик укуктук документтерди сапаттуу жана өз убагында даярдоосу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын министрликтер, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар тарабынан өз убагында аткарылышын контролдойт;
5) өлкөдөгү билим берүү, илим, тарых, маданият, искусство, саламаттык сактоо, медициналык камсыздандыруу, социалдык коргоо, дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты, этностор, этностор аралык мамилелер жана диний кырдаал жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү менен байланышкан стратегиялык документтерди талдайт жана иштеп чыгат;
6) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоо маселелери боюнча сунуштарды талдайт жана иштеп чыгат;
7) бөлүм башчысынын тапшырмасы боюнча өздөрүнүн функционалдык милдеттеринде каралган маселелер боюнча жыйналыштарга жана кеңешмелерге катышат;
8) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын катышуусу менен иш-чараларды пландайт жана уюштурат;
9) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча коомдук пикирге талдоо жүргүзөт, жарандык коом, чыгармачыл жана кесиптик союздар менен өз ара аракеттенет жана алардын кайрылууларына чара көрөт;
10) бөлүмдүн компетенциясына кирген ишти ийгиликтүү жүргүзүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын чараларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызматташтыкты түзүү жана бекемдөө максатында эл аралык уюмдардын жана донорлордун программаларын жана долбоорлорун талдайт;
11) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча концепцияларды жана стратегиялык, учурдагы мүнөзгө ээ болгон башка документтерди иштеп чыгуу максатында түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишинде өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
КР Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы ПЖ № 93 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ